Кыргызстандагы чет элдик өкүлдөр жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып алууну талап кылабыз!

Кыргызстандагы чет элдик өкүлдөр жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып алууну талап кылабыз!

Создано
18 июня 2023 г.
Подписей: 742Следующая цель: 1 000
Подписать

Почему эта петиция важна

Акыркы жылдары өлкөнүн кайрымдуу жана активдүү жарандары мыйзамсыз кылмыш куугунтуктоолорго кабылып, өлкөдөн чыгарылып, ири суммадагы доолорго дуушар болууда. Мындан тышкары, жарандык коом уюмдарынын жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн чектөөгө багытталган жазалоочу мыйзамдык демилгелердин кабыл алынышына күбө болуп жатабыз.

Коомдук уюмдар жана жарандар бул мыйзам долбоорлору Кыргызстандын Конституциясына жана адам укуктарынын эл аралык стандарттарына карама-каршы келерин белгилеп, аларды четке кагууга чакырышат. Биз бул чакырыктарды кунт коюп угуп, баалуулуктарыбызды сактап калышыбыз керек. Бул демилгелердин кабыл алынышынын натыйжасында өлкөбүз инвесторлор үчүн өзүнүн жагымдуулугун жоготуп алышы мүмкүн.

Депутат Надира Нарматова жана Жогорку Кеңештин башка депутаттары «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүшкөн. Жыйынтыгында “чет элдик өкүл” түшүнүгү киргизилип, ошондой эле катардагы жарандык активдүүлүк үчүн колдонула турган кылмыш-жаза жоопкерчилиги киргизилүүдө. Бул өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышы көз карандысыз маалымат каражаттарынын, жарандык коомдун жана сөз эркиндигинин талкаланышына алып келет. 

Мунун баары саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарына, ичүүчү сууга жетүү, сапаттуу мамлекеттик кызматтарга ээ болуу жана башка көптөгөн нерселерге таасирин тийгизет.

Биз, Кыргызстандын жарандары, чет элдик өкүлдөр тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алууну талап кылабыз. Биз конституциялык принциптерди жана эл аралык келишимдерди сактоого, ошондой эле Кыргызстанда сөз эркиндигин, көз карандысыз маалымат каражаттарын, коммерциялык эмес уюмдарды жана жарандык коомду коргоого чакырабыз. Биздин өлкө эркин бойдон калуусу зарыл.

Биз Кыргызстандын жана дүйнөнүн бардык жарандарын биздин петицияга кошулууга жана чет элдик өкүлдөр тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алууну колдоп коюуга чакырабыз. Биз биргелешип өлкөбүздүн саясатына таасир эте алабыз жана анын бардык жарандары үчүн жакшы келечекти камсыздай алабыз.

Колдооңуз үчүн чоң рахмат!

---

Последние годы неравнодушные и активные граждане страны сталкиваются с незаконным уголовным преследованием, выдворением из страны и многомиллионными судебными исками. Кроме того, мы наблюдаем принятие карательных законодательных инициатив, направленных на ограничение деятельности организаций гражданского общества и независимых медиа.

Общественные организации и граждане призывают отклонить эти законопроекты, отмечая их противоречие Конституции Кыргызстана и международным нормам прав человека. Мы должны прислушаться к этим призывам и защитить наши ценности. Как следствие принятие этих инициатив, страна может потерять привлекательность для инвесторов.

Депутат Надира Нарматова и другие депутаты Жогорку Кенеша инициировали поправки в Закон «О некоммерческих организациях» и Уголовный кодекс Кыргызской Республики. В результате вводится понятие «иностранный представитель» и вводится уголовная ответственность, которая может применяться за обычный гражданский активизм. Принятие этих поправок приведет к уничтожению независимых медиа, гражданского общества и свободы слова.

Все это повлияет на систему здравоохранения и образования, доступ к питьевой воде и качественным государственным услугам и многое другое.

Мы, граждане Кыргызстана, требуем отозвать законопроект об иностранных представителях. Мы призываем к соблюдению конституционных принципов и международных обязательств, а также защите свободы слова, независимых СМИ, некоммерческих организаций и гражданского общества в Кыргызстане. Наша страна должна оставаться свободной.

Мы призываем всех граждан Кыргызстана и по всему миру присоединиться к нашей петиции и поддержать отзыв законопроекта об иностранных представителях. Вместе мы сможем повлиять на политику нашей страны и обеспечить лучшее будущее для всех ее граждан.

Спасибо за вашу поддержку!

Подписать
Подписей: 742Следующая цель: 1 000
Подписать
Распространите эту петицию лично или используйте этот QR-код в своем материале.Загрузить QR-код